Коргоо министри Ош гарнизонунун иши менен таанышты

Аймак Загрузка... 22 Май 2026 09:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Күн мурун коргоо министри Руслан Мукамбетов Ош гарнизонунун ишин текшерип, түштүк аймактардагы сапарын жыйынтыктады.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр буга чейин Баткен, Жалал-Абад облустарында жайгашкан кошуундарды жана аскер бөлүктөрүн кыдырган.

Анда бөлүктөрдүн күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын абалын, аскерлердин күнүмдүк кызмат өтөөсүнүн уюштурулушун, аскердик тартиптин деңгээлин, ошондой эле бөлүктөрдүн материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз болушун текшерди.

Ошондой эле аскердик инфраструктура объектилерин куруу жана оңдоо иштерине, аскер шаарчаларын инженердик жактан жабдууга, материалдык-техникалык каражаттарды эсепке алуу абалына жана бирикмелер менен бөлүктөрдү алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

"Коргоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан күжүрмөн даярдыкты мындан ары өркүндөтүү, аскердик тартипти чыңдоо, аскерлерди ар тараптуу камсыздоонун деңгээлин жогорулатуу жана аскер кызматчыларынын кызмат өтөө шарттарын жакшыртуу боюнча артыкчылыктуу багыттар аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Түштүк-Батыш ыкчам командачылыгынын жетекчилигине аймактагы аскердик бирикмелердин жана бөлүктөрдүн ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган тиешелүү тапшырмалар берилди",-деп айтылат маалыматта.