Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Бүгүн курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жыйындын жүрүшүндө курулуш тармагындагы артыкчылыктуу багыттар жана тармактагы талаптарды сактоо маселелери кеңири талкууланды.
Тактап айтканда, оор курулуш техникаларынын унаа жолдоруна тийгизген таасирин жөнгө салуу, курулуш объекттеринде техникалык коопсуздук талаптарын милдеттүү түрдө сактоо, санитардык ченемдерди аткаруу, шаар куруу кеңешинин талаптарын так кармануу, ошондой эле курулуш жүрүп жаткан аймактарда тазалыкты камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Нурдан Орунтаев курулуш компаниялары тарабынан мыйзам талаптарын, техникалык коопсуздук эрежелерин жана шаар куруу нормаларын так сактоо зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле ал курулуш иштери жарандардын коопсуздугуна, шаардык инфраструктурага жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбеши керектигин айтып, тармактагы жоопкерчиликти жана көзөмөлдү күчөтүү негизги багыттардын бири экенин билдирди.