Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Кыргызстан Астана шаарында өтүп жаткан RES 2026 EXPO көргөзмөсүндө улуттук павильонун тааныштырды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Улуттук павильон алдыңкы технологияларды жана өлкөнүн терең маданий философиясын бириктирген экспозициянын негизги бөлүгү болуп калды.
Павильондун концепциясы үч улуттук символдун айланасында түзүлгөн:
- Тоолор – Борбор Азиянын суу жана экологиялык коопсуздугунун негизи катары;
- Ак илбирс – климаттык өзгөрүүлөрдүн көрсөткүчү жана экосистемалардын назиктигинин символу катары;
- Айгүл гүлү – биологиялык ар түрдүүлүктүн жана мураска аяр мамиленин белгиси катары.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө министр Акыл Токтобаев өлкөнүн "жашыл" өсүшкө өтүүсүнө өзгөчө көңүл бурду. Экспозициянын алкагында "Жашыл мурас" программасынын натыйжалары , жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлор жана экологияны мониторинг кылуунун санариптик инструменттерин киргизүү көрсөтүлдү.
Кыргызстан RES 2026 EXPO көргөзмөсүнө катышуу менен аймактык кызматташтыкка ачык экенин далилдейт. Бул кадам ошондой эле 2027-жылдагы Дүйнөлүк тоо саммитине көрүлүп жаткан даярдыктын бир бөлүгү