Кыргызстан менен Азербайжандын кызматташтыгы: Жаңы сапарлар күтүлүүдө

Саясат Загрузка... 20 Апрель 2026 11:10
674478654_1380080420822131_3979218689432357258_n.jpg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу 18-апрелде Анталия дипломатиялык форумунун алкагында өттү.

Анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле алдыда боло турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги жолугушуулар менен сапарларды талкуулашты.

Ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөгө жана кеңейтүүгө умтулуусу белгиленди.

673568056_1380080397488800_3425987593030906485_n.jpg