Бишкек, 10.04.26 /Кабар/. Кыргызстан менен Россия биргелешип унаа чогулта турган завод ачууну пландап жатат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов билдирди.
Анын айтымында, тараптар учурда унаа чогултуу өндүрүшүн ишке киргизүүнү сүйлөшүп жатышат.
“Өндүрүштүн ишке кириши менен жылына 25 миң жеңил автоунаа чыгаруу пландалууда. Кыргызстанда мындай өндүрүш учурда иштеп жатат. Бирок дагы биринин ачылышы ашыкча болбойт”, — деди Вакунов.