Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев Түркия президентине караштуу Коммуникация башкармалыгынын Кыргызстанга жаңы дайындалган өкүлү Рамазан Акзейбек менен жолукту.
Анда Медербек Шерметалиев жаңы кызматка дайындалган Рамазан Акзейбекти куттуктап, Кыргызстандагы ишинде ийгиликтерди каалап, жигердүү кызматташууга ниетин билдирди.
Жолугушууда эки тараптуу жана Түрк мамлекеттеринин агенттиктеринин ортосунда медиа тармагында кызматташуу, жалган маалыматтар менен ыкчам күрөшүү, жасалма интеллект аркылуу жасалган маалыматтар менен так маалыматтарды айырмалап, элге туура жаңылыктарды жеткирүү тармагында сөз кылышты.
Андан сырткары, Түрк мамлекеттери уюмунун алкагында түзүлгөн Түрк мамлекеттеринин маалымат агенттиктеринин ортосунда маалымат алмашуу, ар кандай форумдарды, жолугушууларды көбүрөк уюштуруу жаатында пикир алышты.
Түркия менен Кыргызстандын ортосунда медиа тармагында гана эмес, маданият, туризм жана башка тармактарда кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Анын алкагында журналисттерге атайын окууларды, саякаттарды уюштуруу менен эки өлкөнүн туристтик жерлерин экран аркылуу чагылдырып, өлкөгө туристтерди тартуу демилгеси дагы көтөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда мурда уюштурулуп, бирок кийин кандайдыр бир себептерден улам токтоп калган телекөпүрөнү кайра жандандыруу жана тажрыйба алмашуу максатында кызматкерлерди алмашууну кайра баштоо боюнча кеп козголду.
Жолугушуунун жүрүшүндө "Кабар" агенттигинин директору кызматташуунун үч негизги багытын белгиледи: үзгүлтүксүз медиа форумдарды өткөрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана тажрыйба алмашууну системалуу түрдө жүргүзүү.
Ошондой эле Медербек Шерметалиев Кыргызстандын жалган жаңылыктар менен күрөшүү тажрыйбасы менен бөлүшүп, медиа тармагында жасалма интеллектти колдонуунун пайдасы жана тобокелдиктери жөнүндө айтты.
Өз кезегинде Рамазан Акзейбек кыргыз тарап менен кызматташууга кызыкдар экенин жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи. Ошондой эле ал "Кабар" маалымат агенттигинин сайты жаңыланган негизде иштеп жатканын алкоого алып, анда алты тилде жаңылыктар жарыяланып жатканы жана маалыматтардын түрк тилинде дагы берилиши аны кубандырганын билдирди.
Жолугушуунун соңунда Медербек Шерметалиев ШКУ менен биргеликте пландалып жаткан медиа форумга катышууга чакырып, кызматташтыкты ар тараптан бекемдөөгө кызыкдар экенин баса белгиледи.