Кыргызстан-Оман: Дипломаттар жана кызматтык паспорт ээлери визадан бошотулду

Президент Загрузка... 08 Апрель 2026 18:00
548343.e9469efb46d0.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 25-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Омандын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, атайын жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 12-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты аталган макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргызстан тарабынан аткаруу болуп саналат.

Макулдашууда жарандар – Кыргызстандын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери жана Омандын дипломаттык, кызматтык жана атайын паспортторунун ээлери макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагына кирүү, чыгуу жана транзит менен өтүү үчүн визалык талаптардан 180 күндүк мезгилдин ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө бошотула тургандыгы каралган.

Макулдашууну ратификациялоо иштиктүү мобилдүүлүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана жарандардын – дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлеринин макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында жүрүүсүн жеңилдетет.