Кыргызстан барган сайын дүйнөлүк туристтик картадагы өз ордун бекемдеп жатат. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, өлкө америкалык The New York Times басылмасынын 2026-жылдагы саякат үчүн эң мыкты делген багыттардын абройлуу эл аралык рейтингине кирди. Ал эми Тянь-Шань тоолору саякатчылар үчүн эң жагымдуу багыттардын бири деп аталды. Бирок, ага болгон кызыгуу кооз жаратылыш менен гана эмес, меймандостук, көчмөн маданияты жана массалык туризм али жете элек “чыныгы” тоолорду көрүү мүмкүнчүлүгү менен да өсүп жатканын белгилей кетүү керек.

Кыргызстандын аталган рейтингге киришинин негизги себептеринин бири — 2025-жылдын жай айларында өткөн Кыргыз көчмөндөрүнүн жөө жүрүшүнүн акыркы бөлүгүнүн ачылышы болду. Жалпы узундугу 3000 чакырымдан ашкан бул ири маршрут бийик тоолуу жайыттар, ашуулар, көлдөр жана байыркы кербен жолдору аркылуу өтүп, туристтерге өлкөнү ичинен таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Конокторду өзгөчө таасирленткен башкы кооз жерлердин катарына көгүлтүр Кел-Суу көлү, байыркы Таш-Рабат кербен сарайы жана Саймалуу-Таш улуттук паркы кирет. Саякаттоо үчүн эң ылайыктуу мезгил июндан сентябрга чейинки убакыт деп эсептелет. Дал ушул маалда тоодогу маршруттардын көпчүлүгү ачык болот.

Туризм департаментинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанга келген туристтердин негизги агымы Казакстан, Өзбекстан, Россия, ошондой эле Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө туура келет. Айрыкча Борбор Азиядан келген саякатчылардын саны байкаларлык өсүп жатканы байкалууда. Бул көп жагынан визасыз режимге, транспорттук жеткиликтүүлүккө жана маданий жакындыкка байланыштуу экени айтылат.
“Бирок туристтерди эң көп өзүнө тарткан нерсе — бул жаратылыш. Көптөргө Кыргызстан чыныгы ачылыш болууда. Конокторду Тянь-Шандын ак карлуу чокулары, альп көлдөрү, капчыгайлар, шаркыратмалар жана чексиз жайлоолор суктандырат. Айрыкча пляждары, суудагы эс алуу мүмкүнчүлүктөрү жана экологиялык маршруттары менен Ысык-Көл өзгөчө популярдуулукка ээ. Мындан тышкары, туристтерди Жети-Өгүз жана Ала-Арча капчыгайлары да өзүнө тартып келет”, - деп белгилешет агенттиктен.
Акыркы жылдары этнотуризмге болгон кызыгуу дагы өсүүдө. Боз үй лагерлери чет элдиктерге жаратылыш койнунда эс алуу менен гана чектелбестен, көчмөндөрдүн маданиятына жакындан сүңгүп кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Алар улуттук тамак-аштан даам татып, салттуу турмуш-тиричилик менен таанышып, жергиликтүү каада-салттарды көрө алышат.
Эң популярдуу аймактар
Ысык-Көл облусу туристтер эң көп барган аймак бойдон калууда. Бул аймактын популярдуулугу Ысык-Көлдүн берметинин кооз жаратылышы, өнүккөн пляждык инфраструктурасы, Жети-Өгүз жана Чолпон-Ата шаарларындагы термалдык булактары, ошондой эле 1600дөн ашуун туристтик жайлары менен шартталат.

Ош жана Жалал-Абад облустары да тарых жана маданий мурастар менен таанышкысы келген туристтер үчүн өзгөчө кызыктуу аймактардын катарына кирет. Бул жерде ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Сулайман-Тоо, байыркы Өзгөн шаары жана дүйнөдөгү эң ири жаратылыш жаңгак токою болгон Арстанбап жайгашкан. Мындан тышкары, боз үй лагерлери аркылуу этнотуризм дагы активдүү өнүгүүдө.
Чүй облусу өлкөнүн негизги дарбазасы катары эсептелет. Бул аймакта "Манас" эл аралык аэропорту жана борбор калаа Бишкек жайгашкан. Региондо агротуризм, экскурсиялык программалар жана маданий турлар активдүү өнүгүүдө.
Нарын облусунда болсо бийик тоолуу экотуризмге болгон кызыгуу өсүүдө. Бул аймакта Соң-Көл, байыркы Таш-Рабат кербен сарайы жана жаратылыш койнунда эс алууга мүмкүнчүлүк берген боз үй лагерлери өзгөчө популярдуу.

Эксперттин пикири
Кыргызстан туроператорлорунун ассоциациясынын (КАТО) мүчөсү, туроператор Сергей Глуховеров белгилегендей, туристтерди Кыргызстанга эң оболу адам изи түшө элек жаратылыш менен көчмөн маданиятынын өзгөчө айкалышы тартып келет. Чет элдик саякатчылар өлкөгө ири мегаполистерде жетишпеген нерселерди - тынчтыкты, кең мейкиндикти, тоолорду жана урбанизациядан алыс эс алуу мүмкүнчүлүгүн издеп келишет.
“Кыргызстан тоолорго гана эмес, жаратылыш менен маданияттын айкалышына басым жасашы керек. Анткени, тоолор башка өлкөлөрдө деле бар. Ал эми боз үйлөр, мүнүшкөрлөр, тайгандар, көчмөн жашоо образы жана улуттук ашкана — бул биздин өзгөчөлүгүбүз. Туристтер үчүн кооз пейзаждарды көрүү гана эмес, өлкөнүн атмосферасын сезүү, чыныгы тажрыйба алуу дагы маанилүү”, - дейт Сергей Глуховеров.

Ал белгилегендей, туристтер арасында боз үй лагерлериндеги эс алуу, Соң-Көл жана Ысык-Көлдүн түштүк жээгине саякаттоо өзгөчө кызыгууну жаратууда. Ошондой эле шаардын ызы-чуусунан толук алыстап, жаратылыш койнунда эс алууга мүмкүнчүлүк берген digital detox жана ретрит форматтары да популярдуулукка ээ болуп жатат.
Туристтердин Кыргызстан тууралуу пикири
Алекс жана Ромен, Париж:
Париждик саякатчылар Алекс менен Ромен интернеттен жана досторунан көргөн сүрөттөрдөн кийин Кыргызстанга келүүнү чечишкен.

“Биз буга чейин мындай кооз жаратылышты көргөн эмеспиз. Ошондуктан бул керемет өлкөгө келип, табияттын сулуулугун өз көзүбүз менен көрүп ырахат алууну чечтик”, - дейт Алекс.
Француз туристтери бул сапарында Ысык-Көлдө өткөн этнофестивалга катышып, байыркы көчмөн дүйнөсүнүн атмосферасына өзгөчө суктанышкан. Алардын айтымында, фестивалга катышуу үчүн саякатчылар багытын да өзгөртүшкөн.
Конокторго кыргыз улуттук ашканасы да чоң таасир калтырган. Туристтер табигый азыктарды, эттен жасалган түрдүү тамактарды жана баалардын жеткиликтүүлүгүн өзгөчө белгилешти.
“Биз татып көргөн тамактардын баары абдан даамдуу экен. Ашканадан ар түрдүү маданияттардын айкалышы сезилип турат”, - дейт алар.
Саякатынын алкагында туристтер Чолпон-Ата, Каракол шаарларында, ошондой эле Нарын облусундагы Соң-Көл жана Кел-Сууда болушкан. Мындан тышкары, алар Бишкек шаарына да барышкан.

Ерлес Мырсыдыков, Алматы:
Алматыдан келген ишкер Ерлес Мырсыдыков Кыргызстан аны бир эле учурда бир нече нерсе менен өзүнө тартарын айтат. Ал белгилегендей, өлкөгө болгон ар бир сапар жаркын таасирлерди тартуулап, кайра кайтып келүү каалоосун жаратат.
“Бул жактагы тоолор, көлдөр, капчыгайлар жана шаркыратмалар — укмуштай кооз. Кыргызстанды кыдырып бара жатканда ар бир нече чакырым сайын таптакыр башка пейзаж ачылгандай сезилет. Айрыкча тоолор өзгөчө таасир калтырат. Алар бул жерде чындап сүрдүү көрүнөт", - дейт ал.

Ага кошумчалап, ал кыргыз ашканасы да өзгөчө жагарын белгилейт. Анын айтымында, тамак-ашы абдан даамдуу, табигый жана баасы жагынан жеткиликтүү. Бардык жерде үй тамагындай, сапаттуу эттен жасалган улуттук тамактар басымдуулук кылат. Казактар менен кыргыздар маданият жана ашкана жагынан окшош болгону менен, турист катары Кыргызстанда тамактын даярдалышын көрүп, даамын татып көрүү ага дагы да кызыктуу болгонун айтат.
Ошондой эле ал адамдар тууралуу өзгөчө жылуу пикирин билдирет. Кыргызстанда меймандос, боорукер адамдар көп экенин, туристтерге болгон мамиле абдан жакшы экенин белгилейт. Алар жол көрсөтүп, жардам берип, чайга чакырып турушат.
“Чыныгы меймандостукту сезүүгө болот, мындай атмосфераны азыр сейрек кездештиресиң. Балким, дал ушул жагдайлар үчүн бул жакка кайра-кайра келгим келет”, - дейт Ерлес Мырсыдыков.

Силейсат Закаева, Махачкала:
Ишкер айым Силейсат Закаева Ысык-Көл тууралуу алгачкы таасири - бул бир эле учурда көлдү да, тоолорду да көргөнүн айтат.
“Абасы абдан таза, жаратылышы укмуш кооз жана тынч. Бул жакка сөзсүз кайра келгим келет, анткени бул жерде адам жан дүйнөсү менен эс ала алат. Эң көп эсимде калган нерсе - көлдүн тоолордун фонундагы көрүнүшү. Бул абдан кооз жана атмосфералуу көрүнөт. Дагы бир өзгөчө жаккан нерсе — жергиликтүү элдин меймандостугу. Биз чолпон-аталык Таня эженикинде конокто болдук. Ал бизди ар кандай улуттук тамактар менен сыйлады, баары абдан даамдуу жана үйдөгүдөй жагымдуу сезилди. Ашканадагы өзгөчө жакканы палоо менен самса болду. Мен Ысык-Көлдү досторума сөзсүз сунуштайт элем, анткени бул жер абдан жылуу жана жаркын таасир калтырат. Ал эми бул жакка эч качан келбеген адамга “бул жерди сөзсүз бир жолу өз көзүң менен көрүш керек” деп айтат элем”, -деген ойлору менен бөлүштү чет элдик конок.

Эксперттердин айтымында, өлкөнүн популярдуулугу анын аймактарынын ар түрдүүлүгү менен да өсүп жатат. Бүгүн Кыргызстан жөн гана эс алуу жайы эмес, адамдар эмоция алып, эркиндикти сезип, жаратылыш менен көчмөн маданиятка жакындан тааныша турган жерге айланып баратат.