Кыргызстанда 11 өсүмдүктү жыйноого жана сатууга тыюу салынган

Коом Загрузка... 12 Июнь 2026 14:30
3ea5d48f-da67-4f88-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарга жана ишкерлерге өлкөдөгү сейрек кездешүүчү 11 өсүмдүк түрүнө жарыяланган мораторий күчүндө экенин эскертти.

Ведомстводон маалымдашкандай, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык ал өсүмдүктөрдү жыйноого, даярдоого, пайдаланууга, ташууга, сатып алууга
жана сатууга, экспорттоого, ошондой эле жапайы өскөн дары-дармектик,
техникалык жана тамак-аш өсүмдүк сырьёсун даярдоого болбойт.

Алардын катарына макротомия, арнебия, ясенец, аконит, афлатун пиязы, родиола, самарканд өлбөс гүлү, ольга жөө желими, узун мамычалуу жөө желим, мамычалуу жөө желим жана чимган жөө желими өсүмдүктөрү кирет.

Эске сала кетсек, өлкөнүн жаратылыш байлыгын жана экосистемасын сактап калууга багытталган бул чектөө 2027-жылдын 1-январына чейин күчүндө болот. Эреже бузган тараптар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.