Кыргызстанда абактагылардын саны азайып, кайталанма кылмыштар төмөндөдү – Баетов

Коом Загрузка... 25 Март 2026 13:40
WhatsApp Image 2026-03-25 at 13.36.34 (1).jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда абакта жазасын өтөгөндөрдүн саны азайып, кайталанма кылмыштар төмөндөдү. Бул тууралуу “Бардыгы үчүн адилеттүүлүк” (JUST4ALL) долбоорунун жыйынтыгын чыгаруу иш-чарасында юстиция министри, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Аяз Баетов билдирди.

Министрдин айтымында, жогоруда аталган долбоор Кыргызстан менен Европа биримдигинин биргелешкен долбоору.

“Бул БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жана Людвиг Больцман атындагы адам укуктары институту тарабынан жүргүзүлүп жаткан көп жылдык долбоор. Анын негизинде сот системасы санариптештирилди. Ошондой эле мында пробация кызматында дагы алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Бул аталган органдар үчүн дагы, жарандар үчүн дагы чоң жеңилдик болуп саналат.

Аны менен жарандар жазасын боштондукта жана органдын көзөмөлү алдында өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышып, абактагы жарандардын саны бир кыйла кыскарды. Мунун негизинде кайрадан кылмыш жасагандардын саны азайды. Андыктан, кылмыштуулукту азайтууда санариптештирүү эң негизги чечим болду.

Мунун аркасы менен биздин өлкөдө түрмөдөгүлөрдүн санынын көбөйүшү катталган жок. Тескерисинче азайып, Бишкек шаарындагы колониянын ордуна ипотекалык үйлөр курулууда. Атап айтканда, бул жаатта Кыргызстан учурда башка өлкөлөр үчүн үлгү болууда.

Ошондой эле процедураларды, нускамаларды жөнөкөйлөштүрүү, кылмыштардын алдын алуунун натыйжалуулугу , үй-бүлөлүк зомбулук менен иштешүү багыттары дагы каралган”, - деп белгиледи министр.

Белгилей кетсек, долбоордогу кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарды түзөтүү мыйзам долбоорлору мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылган.

Долбоорду ишке ашыруучулар - БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жана Людвиг Больцман атындагы адам укуктары институту жана ошондой эле, Юстиция министрлиги, Башкы прокуратура жана пробация департаменти.

Анын негизинде кылмыштардын жана укук бузуулардын бирдиктүү реестри түзүлгөн.

Бүгүнкү жыйында тараптар долбоордун экинчи фазасына кол коюшту.