Бишкек, 17.04.26. /Кабар/. Кыргызстанда алгачкы жолу мамлекеттик үлгүдөгү 12 PhD диплом тапшырылды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик үлгүдөгү PhD дипломдору философия доктору окумуштуулук даражасын тастыктайт.
PhD программалары боюнча илимий кадрларды даярдоо 2013-жылы пилоттук долбоор катары башталган.
2020-жылы жогорку кесиптик билим берүүнүн үч баскычтуу системасына өтүү министрлер кабинетинин токтомдору менен бекитилген.
Ал эми 2023-жылы “Илим жөнүндө” КР мыйзамы менен PhD окумуштуулук даражасы расмий таанылган.
Мамлекеттик үлгүдөгү документ санарип талаптарына жооп берет жана мамлекеттик портал “Түндүк” ААКы тарабынан иштелип чыккан.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 21 жогорку окуу жай PhD программалары боюнча илимий кадрларды даярдоодо. Жалпысынан 80 бүтүрүүчү PhD даражасын алган, алардын 32%ы чет өлкөлүк жарандар.
Салтанатта сөз сүйлөгөн министр Гүлзат Исаматова бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, алардын өлкөнүн келечегиндеги ролун өзгөчө белгиледи.
“Илим — бул өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычы. Ошондуктан сиздердин ар бириңиздердин эмгегиңиздер, изилдөөлөрүңүздөр жана демилгелериңиздер Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына жана эл аралык деңгээлдеги аброюнун бекемделишине салым кошот деп ишенем”- деп белгиледи Гүлзат Исаматова.
Белгиленгендей, 2025-жылдын январь айынан тартып PhD даражасына ээ болгон адистерге мамлекеттик бюджеттин эсебинен ай сайын кошумча төлөмдөр каралган.