Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Салык салуу жана салыктык башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, IT тармагынын өкүлдөрүнө, ошондой эле креативдүү жана чыгармачылык ишмердүүлүк менен алектенген субъекттерге бир катар салыктык жеңилдиктер берилет.
Документте белгиленгендей, бир катар категориялар 5 жылдык мөөнөткө салыктарды төлөөдөн бошотулат:
- IT чөйрөсү;
- жасалма интеллектти иштеп чыгуучулар;
- тиркемелерди иштеп чыгуучулар;
- блогерлер;
- чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан иштеген кызматкерлер;
- стартаперлер;
- кинофильмдерди, видео жана телеберүү программаларын өндүрүү менен алектенгендер;
- министрлер кабинети тарабынан аныкталуучу креативдүү жана чыгармачылык ишмердүүлүктүн башка түрлөрү.
Мындан тышкары, аталган категориялар үчүн киреше салыгынын жеңилдетилген ставкасы 5% өлчөмүндө, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү 12% өлчөмүндө белгиленет.
Мамлекеттик салык кызматынан маалымдашкандай, бул чара Кыргызстандын IT, жасалма интеллект жана креативдүү индустрияларды өнүктүрүү боюнча аймактык борборлордун бири болуп калыптанышына өбөлгө түзүп, дүйнөнүн ар тарабынан таланттуу адистерди, инновациялык компанияларды жана инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет.
"Мындай салыктык жеңилдиктер жаңы стартаптардын жана инновациялык долбоорлордун санын көбөйтүүгө, инвестицияларды тартууга, жаштар жана жогорку квалификациялуу адистер үчүн кошумча жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун арттырууга өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.