Кыргызстанда ар бир адам татыктуу акы төлөнүүчү жумуш жана туруктуу келечек табууга умтулат. Өзгөчө бул маселе кесип тандоо алдында турган жана кайсы багытта кетүү керектигин түшүнүүгө аракет кылган мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн курч турат. Бүгүнкү күндө өлкөдө кайсы кесиптер эң жогорку акы төлөнүүчү болуп эсептелет, каяктан реалдуу киреше тапса болот жана кесип тандоодо эмнеге көңүл буруу керек – "Кабар" агенттиги адистер менен бирге талдап көрдү.
Кайсы тармакта айлык көп төлөнөт?

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь айына карата орточо эмгек акы төмөнкүлөрдү түздү:
- финансы чөйрөсүндө – 83 277 сом;
- өнөр жайда – 68 101 сом;
- транспорт чөйрөсүндө – 58 657 сом;
- курулушта – 57 472 сом;
- соодада – 55 188 сом;
- айыл чарбасында – 33 813 сом;
- тейлөө чөйрөсүндө – 29 679 сом;
- саламаттык сактоо жана социалдык тейлөөдө – 30 509 сом;
- билим берүүдө – 27 352 сом;
- маданият чөйрөсүндө – 27 326 сом;
- илимде – 58 541 сом;
- маалымат жана байланыш чөйрөсүндө – 80 277 сом;
- тоо-кен өндүрүшүндө – 86 971 сом.
Берилген маалыматтардан көрүнүп тургандай, бүгүнкү күндө эң жогорку кирешелер тоо-кен өндүрүшүндө, финансы секторунда жана маалымат-байланыш чөйрөсүндө топтолгон. Ошол эле учурда билим берүү, маданият жана тейлөө тармактарында эмгек акынын деңгээли кыйла төмөн бойдон калууда.
Эксперттин пикири
Экономист Бахтияр Игамбердиев "Кабар" агенттигине берген маегинде, бүгүнкү күндө жөн гана дипломдун болушу эмес, жөндөмдөр (skills) чечүүчү фактор болуп калганын белгилейт.

"Албетте, мамлекеттик сектордо же ири компанияларда "кагаздар" дагы деле чыпка катары иштейт, бирок реалдуу жогорку кирешени барган сайын конкреттүү hard skills — 1С жана Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттары (МСФО) менен иштөөдөн тартып, дрондорду башкаруу же программалоо көндүмдөрү алып келүүдө. Жогорку окуу жайлары көбүнчө рыноктун муктаждыктарынан ажырап калган Кыргызстанда көптөгөн ийгиликтүү IT-адистери, SMM-чилер, таргетологдор жана инженерлер курстарда, онлайн-сабактарда жана өз алдынча окуу аркылуу өсүп чыгышты. Жоопкерчилик, коммуникация, окууга жөндөмдүүлүк сыяктуу soft skills көндүмдөрү да өтө маанилүү", - деп баса белгиледи эксперт.
Жакынкы жылдары кайсы кесиптер кирешелүү болору тууралуу сөз кылган Бахтияр Игамбердиев Кыргызстандын экономикасына жана дүйнөлүк тенденцияларга таянуу менен үч негизги багытты бөлүп көрсөттү.
Өнөр жай жана инженерия
Анын айтымында, рынок азыртан эле квалификациялуу инженерлерге муктаж. Өзгөчө төмөнкүлөр талап кылынат:
- текшерип-өлчөөчү жабдыктар жана автоматика инженерлери – цемент заводдорунда айлыктар 78 миң сомго жетет.
- өндүрүштүк-техникалык бөлүмдүн инженерлери, ширетүүчүлөр – 51 000–55 000 сом, өсүү тенденциясы менен.
- Мамлекеттик стандарттарды, курулуш ченемдерин жана англис тилин билген эл аралык долбоорлордун (Дүйнөлүк банк, ЕӨРБ) адистери – алар саналуу гана болгондуктан, чоң тартыштык бар.

Энергетика: гидро, кайра жаралуучу энергия булактары, атом
Эксперт энергетика эң стратегиялык сектор экенин баса белгиледи. "Суроо-талап өтө чоң, айлыктар жогору", – деди ал.
- Гидроэнергетика: чакан жана орто ГЭСтердин курулушу инженер-гидроэнергетиктерди, гидротехниктерди талап кылат. Бул жерде туруктуулук жана ден соолукка зыяндуулугу үчүн эрте пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.
- Шамал жана күн энергетикасы (кайра жаралуучу энергия булактары): учурда бул тармакта өсүү (бум) жүрүп жатат. Күн панелдерин орнотуучулар 3 айлык курстан кийин 200 000 сомго чейин, ширетүүчүлөр 100-150 миң сом таба алышат. Тармактагы адистердин тартыштыгы 1000ге жакын адамды түзөт.
- Атом энергетикасы: 5-10 жылдык келечек. "Росатом" менен меморандумга кол коюлгандан кийин, чакан АЭСтин курулушу 2000ге жакын курулуш ордун жана 250 туруктуу жумуш ордун түзөт. Ядролук физиктер, атомдук инженерлер керек болот — аларды даярдоо МИФИ филиалы аркылуу пландалууда.
Айыл чарбасы (AgroTech) – жаңы жогорку киреше
Айыл чарбасы — заманбап техниканы түшүнгөн адистер үчүн эң кирешелүү тармактардын бирине айланууда.
- Дрондор жана так дыйканчылык: мультиспектралдык дрондордун (DJI Mavic 3 Multispectral, Phantom 4) жана оор чачкычтардын (DJI Agras T40/T25P) операторлору.
- Географиялык маалыматтык системалар (ГИС) адистери жана аналитиктер: nsdi.kg порталы, QGIS программалары менен иштөө, Kyrgyz Data Cube системасы (жайыттарды жана түшүмдү спутниктик мониторингдөө) аркылуу талааларды талдоо.
- Айыл чарбасындагы жасалма интеллект (AI): өсүмдүктөрдү, илдеттерди таануу жана түшүмдү болжолдоо үчүн PyTorch, YOLOv8 моделдери. Эксперттин айтымында, автопилотту жана геомаалыматтарды түшүнгөн "санариптик агрономдор" жана инженер-механизаторлор саналуу гана. Айыл чарбасындагы медианалык айлык 21,7%га төмөндөгөн, бирок бул квалификациясы төмөн эмгектин эсебинен. Ал эми жогорку адистерде — өсүү байкалууда.

Кайсы кесиптерде адистер ашыкча?
Экономисттин айтымында, популярдуу кесиптерде кадрлардын ашыкча болуп кетүү коркунучу бар, бирок бул негизинен төмөн квалификациялуу сегменттерге тиешелүү. Мисалы: терең билими жок бухгалтерлер, ЖОЖдордон "массалык түрдө" чыккан юристтер жана экономисттер (киреше элиталык адистерде гана жогору), жөнөкөй сатуучулар, айдоочулар, жүктөгүчтөр. Ал эми жогорку квалификациялуу багыттарда (мисалы, IT-архитекторлор, өнөр жай инженерлери, энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы адистер, агродрон операторлору) адистердин ашыкчалыгы жок жана жакынкы 3-5 жылда күтүлбөйт. Тескерисинче, ири инвестициялык долбоорлордун ишке кириши менен тартыштык күчөйт.
Кантип тандоо керек?
Бахтияр Игамбердиев бүгүнкү күндө бир гана жогорку айлыкка карап багыт алуу кооптуу экенин баса белгиледи.
"Экономика өзгөрүлмөлүү, "хайп" болгон кесиптер тез эле жаңы үйрөнчүктөр менен толуп калат. Мисалы, массалык IT тармагында айлыктар 17%га төмөндөп кетти", - деп түшүндүрдү эксперт. Анын айтымында, төмөнкүдөй кесипти тандаган жакшы:
- тажрыйба менен кошо кирешенин өсүү потенциалы бар;
- туруктуу узак мөөнөттүү суроо-талап бар (энергетика, өнөр жай, азык-түлүк коопсуздугу, медицина, инженерия);
- чет элдик кардарлар менен аралыктан иштөө мүмкүнчүлүгү бар (IT, аналитика, котормо).
Жыйынтыктап жатып, экономист жогорку айлык бүгүнкү күндө кепилдик эмес экенин белгиледи. Анын айтымында, мамлекет жана эл аралык инвесторлор каалаган кризисте ресурстарды жумшай турган тармактарга баруу алда канча маанилүү. Бул – өнөр жай, энергетика, санариптик айыл чарбасы жана автоматташтыруу менен так технологияларга байланыштуу бардык багыттар. "Темирди" (станок, трактор, дрон) дагы, "софтту" (ГИС, 1С, аналитика) дагы түшүнгөн адам жакынкы 5-7 жылда "алтын кадрга" айланат.
Ошентип, Кыргызстандын эмгек рыногу акырындап өзгөрүп, жаңы экономикалык реалдуулукка ыңгайлашууда. Алдыңкы планга жөн эле кесиптер эмес, конкреттүү көндүмдөр жана замандын талабына ылайык ийкемдүү болуу жөндөмү чыгууда. Тармактар боюнча киреше деңгээлиндеги айырмачылыкка карабастан, ийгиликтин негизги фактору – окууга жана өнүгүүгө даяр болуу. Жакынкы жылдары дал ушул нерсе адистердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана алардын киреше деңгээлин аныктайт.