Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясында майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруу үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүү маселелерине арналган кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.
БШКнын майыптыгы бар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча Жумушчу тобунун жетекчиси А. Жумалиева, мыйзам талаптарына ылайык, шайлоо участкаларында зарыл шарттарды түзүү, маалыматтык материалдардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан системалуу иштер боюнча маалымат берди.
Жумушчу топтун ишине Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК), ЭЛТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын жана майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо жаатында иш алып барган Эгль уюмунун өкүлдөрү катышты.
Кеңешмеде майыптыгы бар жарандардын шайлоо процессинин жүрүшү боюнча кабардар кылуу, талапкерлер жана алардын программалары менен тааныштыруу, мамлекеттик телеканалдардагы дебаттарда, кайрылууларда укма-көрмө форматта (санариптик алып жүрүүчүдө), өзгөчө жаңсоо тилин (сурдокотормо) колдонуу сыяктуу орчундуу маселелер талкууланды.
Жыйындын соңунда БШК менен мамлекеттик телеканалдардын өкүлдөрү майыптыгы бар жарандарга маалыматтык колдоо көрсөтүү жана шайлоого катышуунун активдүүлүгүн жогорулатуу максатында биргелешип иш алып барууну макулдашты.