Кыргызстанда сейрек кездешүүчү куштун миграциялык жолу байкалды

Коом Загрузка... 17 Июль 2026 18:10
photo_53910043.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 17.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу журтчу (куш) балапанына орнотулган спутниктик GPS-трекердин жардамы менен анын толук миграциялык жолу байкалды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, 2025-жылдын сентябрь айында алгачкы сапарына чыккан жаш куш 11 миң 985 чакырым аралыкты басып өтүп, Индия, Пакистан, Афганистан, Тажикстан жана Өзбекстандын аймактарын кыдырган.

"Ал деңиз деңгээлинен 5 200 метр бийиктикке чейин көтөрүлүп, Гиндукуш тоолорун, чөлдөрдү жана Борбордук менен Түштүк Азиянын бийик ашууларын ашкан. 2026-жылдын 15-июлунда журтчу кайрадан Кыргызстанга кайтып келип, Баткен облусунун Раззаков шаарынын аймагына конгон", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул масштабдуу изилдөө долбоору Биологиялык ар түрдүүлүктү жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо департаменти тарабынан "Природы" фонду, Улуттук илимдер академиясы жана Central Asian Vulture Project менен биргеликте ишке ашырылууда.