Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн эмгек укуктары кандай корголот?

Коом Загрузка... 12 Июнь 2026 17:30
Soj6iKYqUVkHSEWJH4x7VbsddorFgiXEYvwbKyZg.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. 12-июнь – Балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өспүрүмдөрдүн эмгегин жөнгө салган мыйзам талаптарын эскертет.

Министрлик Кыргызстанда балдар эмгегин анын эң начар формаларында пайдаланууга, оор жана зыяндуу жумуштарга тартууга катуу тыюу салынарын баса белгилейт.

Мыйзам боюнча өспүрүмдөр качан жана кантип иштей алат?

  • 14 жаш: Окуучулар ата-энесинин жана камкордук органынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана эмгек келишимин түзө алышат. Алар окуудан бош убактысында, ден соолугуна зыян келтирбеген жеңил жумуштарды гана аткарууга укуктуу.
  • 16 жаш: Жумушка кабыл алуунун эң төмөнкү расмий курагы (өзгөчө учурларда 15 жаштан уруксат берилет).
  • Жумуш убактысынын чеги: 14-16 жаштагылар үчүн жумасына 24 сааттан, ал эми 16-18 жаштагылар үчүн жумасына 36 сааттан ашпоого тийиш.

Өелгиленгендей, өлкө аймагында балдар эмгегин мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктоо боюнча такай рейддер өткөрүлүп турат.

"Эгерде сиз жашы жете электерди оор жумуштарга тартуу, аларды эксплуатациялоо же укуктарын бузуу фактыларына күбө болсоңуз, дароо 111 ишеним телефонуна чалып кабарласаңыз болот", - деп айтылат маалыматта.