Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 1-апрелге карата өлкөдө жана Россия менен Казакстандагы азык-түлүккө болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүздү.
Ведомстводон белгилешкендей, мониторингдин жыйынтыгында жумуртка, пияз жана күрүч арзандаганы байкалды.
Кыргызстандагы баалар: сабиз — 1,4%, кумшекер — 0,5%, кой эти (сулп этинен башкасы) — 0,4%, макарон азыктары (спагетти) — 0,4%, каймак май (туздалбаган, 72%дан аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) — 0,1%, тазаланган өсүмдүк күн карама майы — 0,1%, пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт — 0,1%га жогоруласа, ал эми жумуртка — 3,3%, баш пияз — 2,3%, күрүч — 0,4%, уй эти (сулп этинен башкасы) — 0,2%га төмөндөгөнү байкалды.
Казакстандагы баалар: кумшекер — 18,4%, макарон азыктары (вермишель) — 12,6%, уй эти (сулп этинен башкасы) — 9,4%, каймак май (туздалбаган, 72%дан аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) — 7,1%, баш пияз — 7%, картошка — 5,2%, сабиз — 4,8%, жумуртка — 4,4%, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) — 2,5%, тазаланган өсүмдүк күн карама майы — 2%га жогоруласа, ал эми күрүч — 9,8%, макарон азыктары (спагетти) — 5,9%, пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт — 1,6%га төмөндөгөнү байкалды.
Россиядагы баалар: картошка — 2,1%, сабиз — 1,9%, баш пияз — 1,6%, жумуртка — 1,6%, уй эти (сулп этинен башкасы) — 1,5%, кой эти (сулп этинен башкасы) — 1,4%, макарон азыктары (вермишель) — 1,3%, тазаланган өсүмдүк күн карама майы — 1,3%, пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт — 1,3%, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) — 1,3%, күрүч — 1,1%, каймак май (туздалбаган, 72%дан аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) — 1,1%га жогорулаганы байкалды.