Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Кыргызстандык окуучу Камила Алиярова 9-15-апрелде Франциянын Бордо шаарында өткөн 15-Европалык кыздар арасындагы математика олимпиадасында (EGMO) коло медаль жеңип алды.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, ал "Газпром Кыргызстан" мектебинин 10-классынын окуучусу. Алиярова тапшырмаларды ишенимдүү аткарып, эл аралык аренада өлкөнү татыктуу деңгээлде көрсөттү.
Кыргызстандын курама командасы бир нече тандоо этаптарынын жыйынтыгында түзүлгөн. Акыркы тандоо үч күнгө созулуп, жогорку татаалдыктагы 14 тапшырманы камтыган. Чечүүчү этапка өлкөдөн 49 окуучу катышкан.
Белгилей кетсек, Камила Алиярова жеңип алган коло медаль Кыргызстан курама командасы үчүн маанилүү жетишкендик болуп, EGMO олимпиадасында өлкөнүн тарыхындагы экинчи коло медаль болуп саналат. Биринчи коло медалды 2021-жылы Эльнура Анарбай кызы алган.