Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Колумбиянын Букараманга шаарында өткөн 56-эл аралык физика олимпиадасында (IPhO 2026) Кыргызстандын улуттук курама командасы тарыхый рекорддук жыйынтык көрсөттү.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, олимпиадага катышкан бардык 5 окуучу тең куру кол кайткан жок. Анын ичинен:
- Темирхан Салиев ("Газпром Кыргызстан") - күмүш медаль (бул өлкө үчүн акыркы 19 жылдагы алгачкы күмүш байге. Акыркы жолу мындай ийгилик 2007-жылы катталган);
- Аскар Абдиев (AIMS Razzakov) - коло медаль;
- Айтегин Эмилбеков ("Газпром Кыргызстан") - коло медаль;
- Ахмед Абылаев ("Сейтек-СТЕМ") - коло медаль;
- Нурбол Мырзабеков ("Маариф") - Ардак грамота.
"Бул жеңишке чейин Кыргызстандын тарыхында болгону 2 күмүш медаль бар болчу, эми алардын саны 3кө жетти. Жалпы өлкө боюнча медалдардын куржуну 3 күмүш, 17 коло жана 27 ардак грамота менен толукталды", - деп айтылат маалыматта.