Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында түзүлгөн суу ресурстарынын жалпы жылдык көлөмү болжол менен 50 млрд куб метрди түзөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында билдирди.
Өлкө башчысы белгилегендей, Кыргызстан өз муктаждыктары үчүн болгону 12 млрд куб метрге жакын сууну пайдаланат, ал эми калган 38 млрд куб метр суу коңшу мамлекеттерге кетет.
“Биз Кыргызстанда калыптанып жаткан суу ресурстарынын Борбордук Азия өлкөлөрүнүн айыл чарбасы ана энергетикалык, азык-түлүк жана социалдык-экономикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн чоң мааниге ээ экендигин түшүнөбүз. Муну эске алуу менен, биз ондогон жылдар бою суу бөлүштүрүүнүн мурдагы лимитин сактап, суу топтоо жана чыгаруу боюнча кызматтарды, гидротехникалык курулуштардын сакталышын жана коопсуздугун, өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылууну улантып келе жатабыз", - деди Садыр Жапаров.