Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Талас электр тармактар ишканасына 5 жаңы атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу Талас электр тармактар ишканасынан билдиришти.
Энергетика министрлигинин модернизациялоо пландарынын алкагында аймакка төмөнкү техникалар бөлүндү:
- 2 FAW үлгүсүндөгү унаа;
- 2 ISUZU үлгүсүндөгү унаа;
- 1 заманбап экскаватор.
Жаңы унаалардын экөөсү Манас РЭТине, бирөөсү Талас РЭТине берилди. Ал эми калган атайын техникалар Талас электр тармактар ишканасынын борбордук автобазасынын карамагына өттү.
Белгилей кетсек, бул машиналар "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы өз каражатына сатып алган 41 атайын техниканын курамына кирет. Алар өлкөнүн бардык аймактарына тегиз бөлүштүрүлүүдө.
Ишканадан билдиришкендей, жаңы механикалык күчтөр капиталдык оңдоо иштерин өз убагында бүтүрүүгө, кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоого жана эң башкысы алдыдагы күз-кыш мезгилине ишенимдүү даярдык көрүүгө жол ачат.