Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолу ачылды: Эми ал 4 тилкелүү болот

Коом Загрузка... 15 Апрель 2026 17:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Бүгүн Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолу ачылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, узундугу 36,6 метрди түзгөн көпүрө 5,5 метрге кеңейтилип жана ага кошумча жөө жүргүнчүлөр үчүн дагы жаңы көпүрө курулуп, толугу менен колдонууга берилди.

Мындан тышкары, жолдун 0-350 чакырым аралыгына калыңдыгы 9 см болгон асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлдү.

Жолдун эки тарабында тротуарлар, ал эми оң тарабында лотоктор орнотулду.

Реконструкциядан кийин жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңейтилди.