Өлкө башчысы таштандыдан электр кубатын өндүрүүчү заводдун ачылышына катышты

Президент Загрузка... 27 Декабрь 2025 13:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.12.25 /Кабар/. Бүгүн президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын таштанды полигонундагы катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү эко-технологиялык заводду ачты.

Ал анда мындай завод буга чейин эмнеге салынбай келгенине токтолду.

“Биздин мурдагы бийлик завод курабыз деп Европадан 22 млн доллар алып, жер кепени куруп туруп калган 16 миллионун жеп коюшкан. Калган 6 миллион доллар Кудай жалгап банкка сакталып калган экен. Аны азыр кайтарып берип жатабыз. Жебеген самсынын акчасын төлөгөндөй эле, азыр ал акчаны мэрия аларга кайра төлөп берип жатат. Ал эми силер болсо бизден бир доллар албай заводду салып, ишке киргизип койдуңуздар. Ошон үчүн сыйлык берип жатабыз",-деп куруучуларга түшүндүрдү ал.