Өлкө боюнча 1-класска 58 725 бала катталды

Билим Загрузка... 22 Апрель 2026 11:20
WhatsApp_Image_2025_cP0gaQV.2e16d0ba.format-we.width-800.png
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Өлкө боюнча 1-класска 58 725 бала катталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин "Мектеп" автоматташтырылган маалыматтык системасынын сайтындагы жаңыланып турган маалыматтан көрүүгө болот.

Жалпысынан 1-класска 192 миң 291 квота берилген. Учурда 133 миң 566 бош орун бар.

Катталган балдардын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү:

  • Бишкек шаарында – 9140;
  • Ош облусунда – 12324;
  • Жалал-Абад облусунда –4525;
  • Чүй облусунда – 6900;
  • Баткен облусунда –2351;
  • Ысык-Көл облусунда – 4856;
  • Нарын облусунда – 2777;
  • Ош шаарында – 6141;
  • Талас облусунда – 2634.

Белгилей кетсек, балдарды 1-класска онлайн каттоо 1-апрелде башталган. Мында микроучасток (жашаган жер) боюнча катталган балдар кабыл алынууда.

II этап 1-июнда башталат. Анда микроучастокко кирбеген, бирок бош орун бар мектептерге балдар кабыл алынат.