Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Маданият тармагында орто эсеп менен алынган эмгек акыларга токтолсок, мисалы, учурда эмгек стажы жок артисттер колуна 16 миң сомдой маяна алат. Ал эми 1-апрелден тарта, айлык акы көтөрүлгөндөн кийин 35 миңдин тегерегинде алып калышат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө Финансы министрлигинин Штаттык курам жана эмгек акыны талдоо башкармалыгынын башчысы Нурадил Карыпбаев билдирди.
Анын айтымында, бул маданият мекемелери да айыл жергесиндеги, шаардык же облустук деңгээлине жараша бөлүнөт.
"Маданият тармагында да эмгек акынын 100 пайызга чейин көтөрүлүүсүн күтүп жатабыз. Маданият министрлиги менен биргеликте иштер жүрүүдө. Министрлик тарабынан демилгеленип, макулдашуулар менен президент койгон тапшырманын алкагында бардыгы каралат. Президенттик компенсациялык төлөм маданият тармагындагы бардык мекемелердин эң негизги персоналдарына бир ставкага 15 миң сом өлчөмүндө коюлат. Эгерде жарым ставка менен иштеген болсо, жарымы — 7 миң 500 сом төлөнүп берилет", - деди Карыпбаев.
Ошондой эле техникалык кенже тейлөөчү персоналдарга кошумча 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм каралары кошумчаланды.