Мал чарбасын өнүктүрүүдөгү жаңы кадам: Асылдандыруу иши өркүндөтүлөт

Президент Загрузка... 08 Апрель 2026 16:50
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" мыйзамга кол койду. 

Мыйзам 2026-жылдын 4-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. 

Мыйзамды кабыл алуунун максаты асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана асыл тукум иши жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү болуп саналат. 

Мыйзамда асыл тукум мал чарбачылыгы жаатында ишмердүүлүктү мамлекеттик жөнгө салууну караган ченемдер, бул тармактагы субъекттердин экономикалык ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү, анын ичинде асыл тукум ишин өнүктүрүүгө багытталган илимий-изилдөө иштери бекитилген. Ошондой эле асыл тукум продукциясын (материалын) таануу, пайдалануу жана бонитировкалоо (баалоо) маселелери жөнгө салынып, аны колдонуу тартиби жана шарттары аныкталган. 

Мыйзам менен асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы ишмердүүлүктү уюштуруунун негизги принциптери жана асыл тукум ишинин системасы аныкталган. Бул системага министрлер кабинети, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана асыл тукум ишинин субъекттери кирет, ошону менен катар алардын ыйгарым укуктары белгиленген. 

Мындан тышкары, мыйзамда жаныбарларды жасалма уруктандыруу боюнча ишмердүүлүктү түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби, асыл тукум продукциясын (материалын) экспорттоо жана импорттоо, ошондой эле бул тармактагы ишкердик ишмердүүлүк жөнгө салынган. Өзүнчө илимий-изилдөө иштерине мамлекеттик заказды калыптандыруу жана ишке ашыруу жол-жоболору аныкталган.