Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россияга болгон расмий сапарынын алкагында Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Тараптар эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо, парламенттер аралык байланышты тереңдетүү жана экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Валентина Матвиенко бул сапар эки өлкөнүн парламенттик байланыштарын жаңы деңгээлге көтөрөрүн белгилеп, мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги активдүү кызматташтык оң динамика берип жатканын айтты.
Төрага Марлен Маматалиев товар жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд долларга жеткирүү максаты турганын эске салып, энергетика, айыл чарба жана туризм тармагындагы потенциалга токтолду. Ошондой эле ал Жогорку Кеңештеги айым депутаттардын саны өсүп, учурда 90 депутаттын 31и айымдар экенин маалымдады.
Жолугушууда Россиядагы кыргызстандык мигранттар туш болгон көйгөйлөр өзүнчө талкууланып, аларды өнөктөштүк маанайда чечүү боюнча сунуштар айтылды.
Маматалиев Кыргызстан Россия менен көп жылдык достук жана стратегиялык мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.