Мамлекеттик сыйлыктар кыскарды. Президент мыйзамга кол койду

Президент Загрузка... 22 Апрель 2026 11:30
DST_7824.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” мыйзамына кол койду. 

Мыйзам 2026-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты жарандардын мамлекет жана коом алдында сиңирген эмгектерин моралдык жактан таанууну чагылдырган жогорку ардак наамдар системасын түзүү болуп саналат.

Мыйзам менен төмөнкүлөр сунушталууда:

1)     мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын түрлөрүнөн 46 түрдүн 22син белгилөө аркылуу алардын системасын бир эле мезгилде өркүндөтүү менен бекитүү, атап айтканда:

-          төмөнкүлөрдү уюштуруу менен:

"Эрдик" ордени (даражалары жок) – биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

"Ардак" медалы – экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

"Кыргыз Республикасынын жаратманы" ардак наамын;

"Кыргыз Республикасынын сыймыгы" ардак наамын;

-          төмөнкү ардак наамдарын сактоо менен:

"Кыргыз Республикасынын эл мугалими";

"Кыргыз Республикасынын эл врачы";

"Кыргыз Республикасынын эл артисти";

"Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу";

"Кыргыз Республикасынын эл акыны";

"Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү";

-          төмөнкүлөрдү алуу менен:

"Ата Мекен Баатыры" Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы – өзгөчө категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

"Данакер" ордени – биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

3 даражадагы "Эрдик" ордени – биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

"Даңк" медалы – экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы – үчүнчү категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

"Эмгек сиңирген" экинчи категориядагы ардак наамдарын;

2)       мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын укуктук статусун аныктоо;

3)       мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга сунуштоонун тартибин аныктоо;

4)       мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоонун, ардак наамдарды ыйгаруунун жана мамлекеттик сый акыларды берүүнүн тартибин аныктоо;

5)       мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга татыктуу болгон адамдардын укуктарын жана милдеттерин бекитүү;

6)       мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга татыктуу болгон адамдарга социалдык кепилдиктерди Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан белгилөө.