“Манас Ордо” комплекси эми күнүнө 10 миң эс алуучуну кабыл ала алат

Аймак Загрузка... 08 Апрель 2026 15:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Талас облусундагы “Манас Ордо” улуттук комплексинде реконструкция жана курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Эрмат Жумаев курулуш иштеринин жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүп, сапатка өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеп, ишти ыкчамдатууну тапшырды.

“Манас Ордо” комплексинин жалпы аянты 225 гектарды түзөт. Жаңы долбоордун негизинде музейдин аянты 450 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин кеңейтилет. Комплекс кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрүн заманбап жана улуттук стилде чагылдырган маданий борборго айланат.

Долбоор ишке ашса, комплекс күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл ала алган Борбор Азиядагы уникалдуу маданий жай болот. Анда административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук стилдеги коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүүчү жайлар курулат.

Ошондой эле 3500 орундуу маданий борбор, соода жана эс алуу галереясы да каралган.

Белгилей кетсек, аталган комплекс акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу ири реконструкциядан өтүп жатат. Долбоор аяктагандан кийин 200дөн ашык жаңы жумуш оруну түзүлүп, туризмди өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.