Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Манас шаарынан Багыш айылына чейин жаңы унаа жолу салынууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда асфальт басууга даярдык көрүлүүдө.
"Жаңы унаа жол мурдагы эски темир жолдун ордуна салынууда. Узундугу – 12,5 чакырымды түзүп, 4-6 тилкелүү болот. Жер казуу иштери жыйынтыкталып, учурда жолдун негизин тегиздөө жана шагыл төшөө процесси жүрүп жатат. ", - деп айтылат маалыматта.
Курулуш иштеринде бардык техникалык талаптар сакталып, иштер өз ыргагында аткарылууда.
Учурда курулуш объектисинде 60 жумушчу жана 53 даана атайын техникалар тынымсыз иштеп жатат.