Мбаппе Дүйнө чемпионатынын мыкты бомбардири болду

Спорт Загрузка... 20 Июль 2026 10:10
WhatsApp Image 2026-07-20 at 08.59.11.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Франциянын футбол боюнча курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе АКШ, Канада жана Мексикада өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпионатында эң көп гол киргизген оюнчу аталды. Бул тууралуу Казинформ кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Мбаппе сегиз оюнда 10 гол киргизип, төрт голдук пас берди. Жыйынтыгында ал дүйнө чемпионатынын эң мыкты бомбардири аталып, “Алтын бутса” сыйлыгына татыды.

“Күмүш бутса” Аргентинанын капитаны Лионель Мессиге ыйгарылды. Ал сегиз оюнда сегиз гол киргизип, төрт голдук пас менен айырмаланды.

Үчүнчү орунду Англиянын жарым коргоочусу Жуд Беллингем менен Норвегиянын чабуулчусу Эрлинг Холанд ээледи. Экөө тең жети голдон киргизишти.

Белгилей кетсек, Испаниянын улуттук курамасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду. Ал Аргентинаны кошумча убакытта 1:0 эсебинде утту. Ал эми үчүнчү орун үчүн болгон беттеште Англия Францияны 6:4 эсебинде жеңип, коло медалга ээ болду.