Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Учурда медайымдар эч бир кошумча төлөмсүз 8 миң 500 сом маяна алып жатса, апрелден тарта айлык акысы 29 миң сомго жетет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө Саламаттык сактоо министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Клара Өскөнбаева билдирди.
Анын айтымында, мында медайымдын эмгек акысы 3 эсеге көтөрүлмөкчү.
"Медайымдын айлыгын эсептеп көрсөк, бүгүнкү күндө жаңы ишке орношкон медайымдын кызматтык базалык маянасы — 11 миң 968 сом. Эми апрель айынан баштап коэффициенти 1,7ден 2,75ке көтөрүлөт. Ошондо базалык маянасы 19 миң 360 сом болуп, ага президенттик кошумча компенсациялык 15 миң сом кошулганда, жалпы 34 миң 360 сом эсептелет. Салыктардан кийин колуна 29 миң сом алат. Буга чейин эч бир кошумча төлөмү жок болгондо 8 миң 500 сом алчу", — деди Өскөнбаева.
Ал ошондой эле дарыгерлер иш тажрыйбасына жараша экинчи, биринчи жана жогорку деп үч категорияга бөлүнүп, ошого жараша маянасына кошумча каражат берилерин маалымдады.
"Мамлекет тарабынан каралган кошумча төлөмдөрдүн баары толук бойдон сакталып калат. Бир да кошумча төлөм жоюлбайт. Тескерисинче, президенттик компенсациялык төлөм кошулуп жатат. Ошондуктан жогорку категориядагы дарыгерге 6 миң сом, биринчи категориядагыга 4 миң сом, экинчи категориядагы дарыгерге 2 миң сом кошумча төлөнөт. Ошол эле учурда медайымдардын да категорияларына жараша төлөмдөрү бар. Алардын төлөмдөрү 2 миң, 3 миң жана 4 миң сом өлчөмүндө", — деди ал.