Мэр "Бишкекасфальтсервистин" ишине эмнеге нааразы?

Коом Загрузка... 22 Май 2026 15:45
7.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында журналисттер менен болгон жолугушууда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын ишине жеке өзү нааразы экенин ачыктады.

Калаа башчысы жолду казып алып, бир жумалап ошол бойдон таштап кеткен жолчулардын ишине түшүнбөй жатканын айтты. Анын пикиринде, мындай жумуштарды создуктурбай, дароо эле өз убагында бүтүрүп туруу керек.

"Эмне үчүн жумуш процессин үзгүлтүксүз уюштурууга болбойт, тилкени даярдап, дароо асфальт куюп, ыкчам түрдө тосмолорду коюш керек да? Бул иштерди эмнеге бир жумага созушат? Жолчулар казылган жерлерди жөн эле таштап кетип жатышат, бул шаардыктарга ыңгайсыздык жаратат жана авариялык кырдаалдарды пайда кылат. Бул багытта түшүндүрүү иштери жүрүп жатат", — деди мэр.

Айбек Жунушалиев ошондой эле "Ататүрк" атындагы сейил бактагы бак-дарактардын асфальтталып калышы боюнча коомчулуктун сынына токтолду.

"Андан сырткары, Ататүрк сейил багындагы бактардын түбүнө чейин асфальт куюп салышканы үчүн шаардыктар бизди катуу сынга алышты. "Бишкекасфальтсервис" менен "Жашылчарба" мага миңдеген шылтоолорду таап берип жатышат. Бирок жагдай жөнөкөй, иш жакшы аткарылса тигил же бул ишкананын кызматкерлери азаматтар, ал эми иш үзгүлтүккө учураса бүтүндөй сын-пикир мэрдин дарегине багытталат", — деди Жунушалиев.