Мэр: Талкууну жабыш керек, Миңжылкыев көчөсү ачылат

Коом Загрузка... 15 Апрель 2026 18:30
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев видео кайрылуу жасап, “Манас” университетине байланышкан талкууну жабуу зарыл экендигин белгиледи.

Анын айтымында, бир кезде Бишкек ЖЭБин мэриянын балансына өткөрүү чечими кабыл алынганда да коомчулук тарабынан нааразычылыктар жаралган.

Мэр бүгүнкү күндө ал иретке келтирилип жатканын көрсөттү.

“Манас” университети өзгөчө бир нук менен каралбайт. Борбордогу көпчүлүк ЖОЖдордун дарбазалары алынган. Ал учурда эч бири чыгып нааразычылыгын билдирген эмес. Азыр барып, ал университеттерди кыдырып чыккыла. Үч жыл ичинде жасалган иштерди карап көргүлө.

Ал эми “Манас” университетине байланышкан талкууну жабышыбыз керек. Миңжылкыев көчөсү ачылат. Коопсуздук маселелерин чечебиз. Талаптарды коёбуз. Үч күндөн бери жаман сөздөрдү айтып жатасыздар. Буга чекит коюшубуз керек”,-деди ал.