Бишкектиктердин жарымынан көбү күн сайын "Менин шаарым" тиркемесин колдонушат

Коом Загрузка... 22 Май 2026 14:45
1765974701.2e16d0ba.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Бишкектиктердин арасында "Менин шаарым" расмий мобилдик тиркемесинин популярдуулугу тездик менен өсүүдө. Бул тууралуу "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, эгерде 2023-жылы бул платформа аркылуу 9 миңге жакын кайрылуу түшсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 18 миңге жетип, ал эми 2025-жылы 25 миңди түзгөн. Ал эми үстүбүздөгү жылдын алгачкы төрт айында эле шаардыктар тарабынан 11 миң билдирүү жөнөтүлгөн.

Санариптик платформа ар бир муниципалдык ишканага же мэриянын түзүмдүк бөлүмүнө канча өтүнүч түшкөнүн, ошондой эле аткарылган тапшырмалардын так санын реалдуу убакыт режиминде байкап турууга мүмкүнчүлүк берет.

"Мен шаардыктарды бул тиркемени жигердүү колдонууга чакырам. Анда бардык коюлган тапшырмалар көрсөтүлүүчү "Өндүрүштүк иштердин эсеби" аттуу маанилүү бөлүм бар. Тургундар тийиштүү тилкедеги көйгөйдү сүрөткө тартып, бизге жөнөтүшөт. Муниципалдык кызматтар маселени чечкенден кийин, аткаруучу жасалган иштин сүрөтүн кайра арыз ээсине жөнөтүүгө милдеттүү. Андан соң шаардыктар өз баасын бере алышат. Мындай кайтарым байланыш тутуму кайсы уюм өз милдеттерин канчалык сапаттуу аткарып жатканын так көрүүгө өбөлгө түзөт", - деп белгиледи мэр.

Бүгүнкү күндө "Менин шаарым" мобилдик тиркемеси 1,4 миллион жолу жүктөлүп алынган. Муну менен катар 520 миңге чукул адам анын туруктуу колдонуучусу болуп саналат жана тиркемеге күн сайын кирип турушат.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарында расмий түрдө 1 миллион 371 миң адам жашайт.