Чыңгыз Айтматов - кыргыз элинин гана эмес, бүткүл дүйнөнүн адабиятына өчпөс из калтырган залкар жазуучу. Анын чыгармалары адам тагдыры, адеп-ахлак, сүйүү жана жоопкерчилик сыяктуу түбөлүктүү темаларды көтөрүп, ар бир муунду ой жүгүртүүгө чакырып келет. Кыргыз эли үчүн калемгердин ар бир баскан изи жана ар бир айткан сөзү баалуу. Анын улуулугу чыгармаларынан тышкары, замандаштарынын эскерүүлөрүндө да жашайт. Готфрид Мерцбахер атындагы “Мөңгү” фондунун президенти Үрүстөм Кабылбеков Айтматов менен болгон пикирлештиги жана андан байкаган асыл инсандык сапаттар жөнүндө айтып берет.

— Залкар жазуучу менен кайсы жылдары, кантип таанышкансыз?
— Мени Чыңгыз Төрөкулович менен байланыштырган – бул мөңгү темасы эле. Ал убакта бул сөзгө анчейин маани берилбей, уккандар “карды сатат деген эмне?” деп таң калышчу. Анын чоң баалуулук экендигин айтып, “кезеги келгенде ал бүтүндөй Борбор Азияны багат” деп далилдей баштадым. Бирок, көбү түшүнчү эмес.
Жазуучу анда Белгияда элчи болуп турган убагы. Бишкеке келгенин угуп, тааныштарымдан номерин алып чалдым. Ал телефонду алып эле “Эй, Мөңгү, мен сени издеп жүргөм, тез кел”,- деди. Барып, мөңгүлөр жөнүндөгү идеяларымды айтып бердим. Абдан жактырды. Себеби, өзү дагы улуу ой жүгүрткөн, келечекти алыстан көрө билген адам эмес беле. Көрсө, анын дагы ойлонгону ошол мөңгүлөр экен. Алдыда суу - чоң байлык болорун билген.
Фонддун көзөмөл кеңешинин төрагасы болуп берүүгө макулдугун берип, Алматыга кетээрин айтып, паспортумду нотариустан өткөрүп ал деди. Жазуучунун паспортун ырым кылып жүрөгүмө басып, сүйүнүп нотариус издеп жөнөдүм. Ал жакта отурган кызматчы кыз дагы көргөн көзүнө ишенбей, паспортту “бир аз кармап турсам болобу” деп суранды.
Ошентип, экөөбүз пикирлеш адамдарга айландык.
Негизи менин идеяларымды апам “арты жакшы болот” деп колдоп, атам менен айланамдагылар түшүнбөй, таң калып жүрүштү. Апамдан кийин эле Чыңгыз Төрөкулович абдан колдоду. Мен долбоорду ишке ашырууну уланттым. Ал мага дем берип, ансайын ишенимим күчөдү. Бардыгы даяр болуп калганда ал киши арабыздан кетип калды. Бирок рух деген нерсе бар да. Ал жашайт. Андан сырткары, бул кишинин айтып кеткен керээздери бар.
— Ошол керээздери жөнүндө кеп салсаңыз?
— Чыңгыз Төрөкуловичтин “Борбор Азия – согушу жок регион болушу керек” деп айтып кеткени бар. Ал чөлкөмдүн тынч жашоосун абдан каалачу. Биз эми ошону аткарып, мунун негизинде иш-чараларды өткөрүп, аракеттерди көрүшүбүз керек. Глобалдык жылуулук барган сайын күч алууда. Ирандын борбору Тегеран суусу жок калды. Бул маселелерди эми чындап ойлоно турган мезгил келди. Себеби, аба, күн жана суу деген үч негизги компонентсиз бизде жашоо жок.
“Ысык-Көл” форуму кандай жана эмне максатта уюшулганын айтып берейин. Муздак согуш токтогон кези. Чыңгыз Төрөкулович форумду уюштуруп, Кыргызстанга Нобель сыйлыгынын 6 лауреатын чакырды. Ошондо ал Чыгыш менен Батыштын ортосуна ынтымакты орнотуп, адамзат алдындагы вазийпасын аткарган болуп жатпайбы. Бул дагы чоң миссия.
— Жазуучу менен пикирлеш болуп андан көпчүлүк биле бербеген кандай асыл сапаттарды байкадыңыз?
— Жеке сапаттарын айта турган болсом, мындай адамдар дүйнөгө сейрек жаралат. Анын турган турпаты, сүйлөгөнү, үнүнүн тембри, тамак жегенине чейин жагымдуу эле. Ошондуктан, жогорку маданияттуу адам катары дүйнөлүк лидерлер менен байланышы болсо керек да.
Андан башка дагы көптөгөн улуу сапаттарын байкадым. Өлкөдө аты жок 14 мөңгү бар. Жазуучу менен кеңешип, “Мөңгүлөрдүн тынчтык аллеясын түзүп, 14 президенттин атын берели, Ысык-Көл форумун уюштуруп, “Борбор Азияга согуштук аракети жок регион” деген статус сурайлы”, - дедим.
Анда жазуучу “президенттер кандай келип, кандай кетет белгисиз. Андан көрө эң көрүнүктүү, адам баласына эмгеги сиңген адамдардын аттарын берген туура болот го. Мисалы, Конфуций, Ганди жана башкалар. Же мына Хан Теңири турат, калгандарына төрт пайгамдардын атын берсе да болот”, - деди.
“Эгер көрүнүктүү адамдардын атын бере турган болсок, бирөөнө сиздикин коелу”, -деп сунуштадым. “Жок, анда адилеттүү болбой калат. Саякбай Каралаевдин атын бергиле, ошол киши кадырланбай жүрөт”,-деди. Бул эмне деген айкөлдүк, адилеттик. Башка адам болсо кудуңдап сүйүнүп, макул болмок да. Анын канчалык асыл адам болгону мына ушулардан көрүнүп турат.
— Ал эми анын чыгармаларынын баалуулугу эмнеде деп ойлойсуз?
— Мен филолог эмесмин. Бирок, жазуучунун чыгармаларын прозанын тили менен жазылган поэзия катары түшүнөм. Аларга ал канчалаган нерселерди батыра алган. Жаш куракка жараша кабыл аласың. Бала кезде балалык баео түшүнүк менен, орто жашта башкача окуйсуң. Көөнөрбөй, эскирбей турган чыгармаларды жазып кетти. Ал козгогон маселелер бүгүн да актуалдуу. Өзү айтып кеткендей, “канткенде адам баласы адам болот” деген ойдун тегерегинде эле ойлонуп, чыгармаларын жарата берген экен. Ошол аны ийгиликке жеткирген сыяктуу.
Бир күнү мага “Кар жана алтын” деген китеп жазган атам деди. Бирок, анысын ишке ашырбай кете берди.
Биз Чыңгыз Төрөкуловичти али толугу менен окуп бүтө элекпиз деп ойлойм. Аны түшүнүү үчүн убакыт керек.