Мөңгүлөр эрүүдө: ӨКМ дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрүн эскертти

Коом Загрузка... 13 Июль 2026 12:50
724189145_3875558265920677_4751611891168115216_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу 14-июлдан 18-июлга чейин Кыргызстандын аймагындагы дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, күндүн ысышы тоолордогу кар жана мөңгүлөрдүн эришин күчөтүп, айрым дарыяларда суу көлөмүнүн көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн.

Мындан улам айрым аймактарда суу ташкыны коркунучу жаралышы ыктымал.