Бишкек, 19.07.26. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган чет өлкөлүк жарандар мыйзамда белгиленген тартипте өлкөдөн чыгарылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги эскертет.
Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөнүн аймагында жүргөн ар бир чет өлкөлүк жаран мыйзам талаптарын сактоого, кыргыз элинин салттарына, маданиятына жана каада-салттарына урматтоо менен мамиле кылууга, ошондой эле жашоо эрежелерин так аткарууга тийиш.
“Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу жоопкерчиликке тартууга жана анын ичинде депортациялоо чечимин кабыл алууга чейин алып келет.
ИИМ жашап жаткан өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоо — коопсуздуктун, коомдук тартиптин жана өз ара урматтоонун негизи болуп саналарын баса белгилейт”,–деп айтылат маалыматта.