"Мурас" фонду Улуттук илимдер академиясынын башкаруусуна берилди

Президент Загрузка... 05 Февраль 2026 12:55
photo_5287779537029_AAQO4mO.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Мурас" кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарынын фондун президентке караштуу Улуттук илимдер академиясынын карамагына өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, фонд Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун башкаруусуна берилет. Бул чечим институттун изилдөө потенциалын чыңдоо жана илимий ишмердүүлүгүн күчөтүү максатында кабыл алынды.

Жарлыкта төмөнкүлөр тапшырылды:

  • Институттун чечимдерин жаңы жоболорго ылайык келтирүү;
  • Тиешелүү уюштуруу иш-чараларын ишке ашыруу.

Мындан тышкары, президенттин 2012-жылдын 25-апрелиндеги Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссияны жана "Мурас" фондун түзүү тууралуу жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди. Тактап айтканда, фонддун ишин координациялоого жооптуу кызмат адамдары жана президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн аталыштары такталды.

Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө президенттин администрациясынын Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгына жүктөлдү.

Документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.