Мушкер Омар Ливаза эл аралык турнирде коло медаль жеңди

Спорт Загрузка... 03 Апрель 2026 17:00
3781752.151829e7ec910581eba2d5db997d5aff.jpg

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Кыргызстандык мушкер Омар Ливаза Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Ahmet Cömert эл аралык бокс боюнча турниринде коло медаль жеңди. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Омар 65 кг чейинки салмак чен бирдигинде күч сынашты. Ал алгачкы эки беттешинде Грузия жана Түркиянын өкүлдөрүн жеңип, жарым финалга жолдомо алды.

Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык мушкер Казакстандын өкүлүнө жеңилип, жыйынтыгында үчүнчү орунду ээлеп, коло медалга татыды.