Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. Бүгүн Нарын шаарында 7-Апрель элдик революциясынын 16 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, революцияда курман болгон баатырларга арналып тургузулган эстеликке гүл чамбар коюлуп, куран окутулду.
Эскерүү митингине президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, Нарын шаарынын мэринин орун басары Элнура Асангазы кызы, Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими Залкарбек Каримов, Нарын шаардык кеңешинин депутаттары, Апрель революциясынын катышуучулары катышты.
Иш-чаранын алкагында шаардык китепкана тарабынан атайын сүрөт көргөзмө коюлду.