Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Бүгүн Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имаратынын курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери "Ас-Сафа борбору" кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланат.
Долбоордун алкагында жер төлөсү бар төрт кабаттуу имарат курулуп, заманбап эмерек жана медициналык жабдуулар менен толук жабдылат. Жаңы борбор Нарын шаарынын жана районунун тургундары үчүн баштапкы медициналык санитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Мезгил кутусун салуу аземине министр Эркин Чечейбаев, президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров, Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулу, "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Ибрагим Мальсагов жана Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров катышты.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өз сөзүндө баштапкы медициналык санитардык жардамдын өнүгүүсү саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын башкы багыттарынын бири экенин белгиледи.
Маалымат үчүн: Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору Нарын шаарынын жана Нарын районунун 91 533 тургунун тейлейт. Анын ичинен 14 жашка чейинки 28 711 бала, анын ичинде 5 жашка чейинки 8 623 бала жана 1 жашка чейинки 1 056 ымыркай бар.
Аялдардын жалпы саны — 46 112, алардын 18 637си (40,4%) төрөт курагындагы аялдар.
2025-жылдын 9 айында борбордо 101 654 амбулатордук кабыл алуу жүргүзүлгөн.