Оруп-жыйноо иштери: Ноокатта дыйкандарга жеңилдетилген баада күйүүчү май берилүүдө

Аймак Загрузка... 14 Июль 2026 11:02
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 14.07.26 /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Райондук акимчиликтен алынган акыркы маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күнгө карата район боюнча 1 700 гектар жер аянтындагы дан эгиндери жыйналды.

Орточо түшүмдүүлүк:

  • буудай — гектарына 32,2 центнерден;
  • арпа — гектарына 27 центнерден айланууда.

Талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпай өз убагында бүткөрүү үчүн мамлекет тарабынан тиешелүү шарттар түзүлүүдө. Учурда мамлекет тарабынан дыйкандарга жеңилдетилген баада — литри 81 сомдон дизелдик күйүүчү май берилүүдө.

Белгиленгендей, оруп-жыйноо иштерине жалпысынан 36 даана комбайн тартылган.