Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Ноокат районунун Додон айылында жаңы бала бакча курулууда.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объекттин курулушу 2025-жылы башталган.
Долбоордун жалпы наркы 83 млн сомду түзүп, каржылоо республикалык бюджеттен каралган.

Башкы планга ылайык, имараттын жалпы аянты 625 чарчы метрди түзүп, эки кабаттан турат. Анда тарбиялык саат өтүүчү, уктоочу жана ойноочу бөлмөлөр каралган. Ошондой эле азык-түлүк сактоочу кампа жана ашкана болот. Мындан тышкары, бала бакчанын айланасына оюн аянтчасы жана эс алуу зонасы курулат.