Нурбек Изабеков Азиядагы эң мыкты машыктыруучу аталды

Спорт Загрузка... 06 Апрель 2026 19:00
1053766160_0_0_3072_1728_1920x0_80_0_0_a0f587ef5d4e78c564a1b186dcfa134c.jpg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.04.26 /Кабар/. Нурбек Изабеков Азиядагы эң мыкты машыктыруучу аталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргыз күрөш федерациясынын башкы катчысы Сейтек Толтоев билдирди.

“Күн мурун Азия өлкөлөрүнүн Башкы ассамблеясы өтүп, ага 28 мамлекеттин өкүлдөрү катышты. Иш-чара учурунда Изабеков 2025-жылдын жыйынтыгы менен кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча мыкты машыктыруучу катары тандалды”,-деди Толтоев.

Белгилей кетсек, Нурбек Изабеков кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу.