Өлкөгө күйүүчү майды үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча тапшырмалар берилди

Министрлер кабинети Загрузка... 13 Июль 2026 22:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун мунай заттары менен өз убагында жана жетиштүү көлөмдө камсыздоо маселелери боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.

Жыйында күйүүчү-майлоочу май (КММ) рыногундагы учурдагы кырдаал, мунай өнүмдөрүн сырттан ташып келүү процесси жана өлкө аймагында зарыл болгон коопсуздук запастарын түзүү маселелери кеңири талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик органдарга жана уюмдарга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • Республикага мунай заттарын эч кандай кечигүүсүз, үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоо;
  • Күйүүчү-майлоочу майлардын бааларына жана рыноктогу коорго туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүнү күчөтүү;
  • Рынокто мүмкүн болгон тобокелдиктердин алдын алуу жана зарыл чараларды өз убагында көрүү.

Белгиленгендей, өлкөнүн ички рыногун КММ менен камсыздоо маселеси министрлер кабинетинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.