Ош облусунда балдардын өлүмү дээрлик эки эсеге азайды

Ден соолук Загрузка... 10 Июнь 2026 09:35
6.jpg
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Ош облусунда ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтуу маселелери боюнча штабдын кезектеги жыйыны өттү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, ага облустун саламаттык сактоо боюнча координатору Конуш Сакмаматов жана медициналык уюмдардын жетекчилери катышты.

Жыйында 2026-жылдын I кварталынын жыйынтыктары каралып, аймакта балдардын өлүмүн азайтуу багытында оң динамика бар экени маалымдалды.

Облустун башкы педиатры Адыл Алимкуловдун баяндамасына ылайык, облуста бир жашка чейинки балдардын өлүмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 94 учурдан 56га чейин азайган.

"Ал эми өлүү төрөлгөн баланын саны 62 учурдан 28ге чейин кыскарган, беш жашка чейинки балдардын өлүмү 115 учурдан 71ге чейин төмөндөгөн", - деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө патронаждык байкоо жүргүзүүдөгү жана ата-энелерге кооптуу белгилер тууралуу маалымат берүүдөгү кемчиликтер талкууланды.

"Ар бир статистикалык көрсөткүчтүн артында баланын өмүрү жана үй-бүлөнүн тагдыры турат. Жетишилген натыйжаларга карабастан, комплекстүү иштерди улантышыбыз керек", - деди Адыл Алимкулов.

Жыйындын жыйынтыгында клиникалык протоколдордун аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди.