Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын инфраструктурасын жана материалдык-техникалык базасын жаңылоого жалпысынан 175 млн сомдон ашык каражат багытталды.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, өлкөнүн түштүк аймагындагы балдарга адистештирилген жардам көрсөткөн жалгыз ооруканада 2025-жылдан бери масштабдуу модернизациялоо иштери жүрүүдө. Алсак, өткөн жылы 39 млн сомго бир катар бөлүмдөр оңдолсо, үстүбүздөгү жылы дагы үч бөлүмдү капиталдык оңдоодон өткөрүүгө бюджеттен 98 млн сомдон ашык каражат каралып, жумуштар аяктоо баскычына келди.
Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы оорукананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында 38 млн сомго заманбап медициналык жабдуулар, анын ичинде С-дуга аппараты, офтальмологиялык микроскоп жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар сатылып алынды.
Бул чаралар түштүк регионундагы балдарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга жана дарылоонун алдыңкы технологияларын киргизүүгө багытталган.