Бишкек, 25.05.26. /Кабар/. Катуу жааган жамгырдын кесепетинен Өзгөн, Араван, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунда сел кырсыктары катталды. Бул тууралуу ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан билдиришти.
Учурда кырсык катталган аймактарда куткаруучулар, атайын инженердик техникалар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тазалоо жана калыбына келтирүү иштерин туруктуу жүргүзүп жатышат.
Райондор боюнча акыркы кырдаал төмөнкүдөй:
Кара-Суу району: Өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Кара-Суу районунун акиминин буйругу менен 25-майдан тартып район аймагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Райондун Сары-Колот айылында жалпы 54 турак жай (7 короо-жай, 1 ашкана, 7 жараксыз сарай), 2 мектеп жана 1 бала бакча селден жабыркаган. Калган 40 үй изилденүүдө. Кырсыктан улам 15 гектар эгин талаасы жабыркап, 4 унааны суу каптаган. 1 кой, 1 торпок, 11 тоок жана 1 күчүк агып кеткен. Иш-чараларга жалпысынан 394 адам (анын ичинен 116 куткаруучу) жана ӨКМ менен жергиликтүү бийликтин ондогон инженердик техникалары (экскаваторлор, мотопомпалар ж. б.) тартылды.
Өзгөн району: Тазалоо иштери кызуу жүрүүдө
Райондун Кароол, Баш-Дөбө, Төрт-Көл айыл аймактарында жана Өзгөн шаарында ондогон үйлөрдү суу каптаган. Кароол айылында 19 жер төлөнүн 6сы тазаланып, 13ү калды. Ал эми Мырза-Арык жана Кош-Коргон айылдарында, ошондой эле Өзгөн шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө сел каптаган бардык жер төлөлөр толугу менен тазаланып бүттү. Кашка-Терек жана Жыланды айылдарында суу каптаган үйлөрдү жана короолорду тазалоо иштери ӨКМдин куткаруучулары жана техникалардын жардамы менен дагы деле улантылууда.
Араван району: Жолдор ачылды
Достук жана Чек-Абад айыл аймактарында бир нече турак жайдын жер төлөлөрү тазаланды. Жаңы-Араван айылында 16 жер төлөдөн суу сордурулуп, калган короолорду тургундар өз алдынча тазалап жатышат. Кырсыктын кесепетинен Ачы айылындагы жеке менчик фирманын 20 тонна цементин суу каптаган. Сел калдыктарынан улам Ош — Араван (16–18-чакырымдары) жана Ноокат — Араван (32–38-чакырымдары) унаа жолдору убактылуу жабылган. №44 Жол тейлөө ишканасынын техникаларынын жардамы менен жолдор толук тазаланып, каттам кайрадан ачылды.
Кара-Кулжа району: Турак жай жана короо-сарайларды суу каптады
Кара-Гуз айыл аймагынын Кеңеш жана Пор айылдарында сел суулары 7 турак жайдын жер төлөсүн жана короо-сарайларын каптаган. Саат 10:40ка карата 4 куткаруучу жана айыл өкмөт кызматкерлери тарабынан 1 жер төлө жана 3 короодогу сел суулары толук сордурулуп тазаланды.