Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кезектеги жыйынында 2025-жылдын 29-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган "Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы каржылоо келишимин ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.
Мыйзам долбоорун транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улукбек Жанибеков тааныштырды.
Ал белгилегендей, "Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу" долбоорунун алкагында А. Масалиев жана В. Ленин көчөлөрүндөгү эстакадалык көпүрө, Ак-Буура дарыясына көпүрө салынып, көчөлөрдү 4-6 тилкеге чейин кеңейтүү каралган. Долбоордун жалпы суммасы 19,31 млн долларды түзөт, анын ичинен 14,15 млн доллары — насыя каражаты. Насыя 1,2 пайыздык чен менен 15 жылдык мөөнөткө берилет, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мезгил каралган.
Талкуу учурунда депутаттар Оштогу долбоорду колдоо менен бирге, башка аймактардагы көйгөйлөрдү да ортого салышты.
Улан Бакасов Нарын облусундагы Лахол көпүрөсүнүн курулушун тездетүү маселесин көтөрдү.
Гуля Кожокулова Талас облусундагы жол инфраструктурасын жаңылоо зарылдыгын белгиледи.
Ырысбек Атажанов Кадамжай жана Баткен райондорун (Ак-Турпак жана Суу-Башы айыл аймактары) байланыштырган көпүрөнүн курулушуна көңүл бурду.
Жылдыз Садырбаева жол курулушунун сапатына көзөмөлдү күчөтүү жана подряддык уюмдардан кепилдик мөөнөттөрүн талап кылуу маанилүүлүгүн айтты.
Жаныбек Аматов Кулатов айыл өкмөтүндө тургундардын коопсуздугу үчүн тротуарларды куруу зарылдыгын белгиледи.